Эрдогандын Алжирге сапары өлкөнүн басма сөзүндө кеңири чагылдырылды

Алжирде эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйыны өткөрдү.

2067506
Эрдогандын Алжирге сапары өлкөнүн басма сөзүндө кеңири чагылдырылды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Алжирге сапары өлкөнүн басма сөзүндө кеңири орун алды.

Алжирдин расмий агенттиги APS, темага байланыштуу кабарында президент Эрдогандын сапарына көңүл буруп, «Алжир-Түркия: стратегиялык кызматташтык үчүн чын ыклас, саясий эрк» деген теманы жазды.

Кабарда Эрдогандын кечээки Алжирге болгон расмий сапары жана президент Абдулмежид Теббун менен өткөргөн жолугушууларынын Алжир менен Түркиянын эки тараптуу кызматташтыкка карата чын ыкластуу саясий эрктерин ырастоо үчүн мүмкүнчүлүк болгону билдирилип, бул сапардын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы «Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин» структурасын «Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешине» өзгөртүү чечими кабыл алынганы белгиленди.

Эл-Хабер гезити да Эрдогандын сапарын «Теббун- Эрдоган саммити. Алжир-Анкара алакасына жаңы дем» деген баш сөзү менен берди.

Гезиттин макалаларында Алжир-Анкара алакасынын келишимдер жана меморандумдар менен бекемделгени, эки өлкөнүн дипломатиялык координациясынын борборунда да Палестина маселеси турганы айтылды.

Өлкөнүн Africa News гезити да президент Эрдогандын сапарын эки башка баш макала менен биринчи бетине чыгарды.

Түркия-Алжир карым-катнаштарынын күчтүү жана кең пейилдүү экенине басым жасалган баш макала менен бирге Эрдогандын Алжирди Палестина маселесиндеги позициясынан улам баалаганы да башка темада орун алды.

Ал эми «Эс-Сыясы» гезити Эрдоган-Теббун жолугушуусун башкы бетинен берип, эки лидердин Палестина маселесиндеги орток мамилесине токтолду.

Өлкөдө француз тилинде чыккан «Аль-Муджахид» гезити болсо сапарды биринчи бетинде «Эки өлкөнүн карым-катнаштарында динамизм жана жакындашуу» деген баш сөз менен жарыялады.

Президент Эрдогандын жогорку деңгээлдеги делегация жана көптөгөн иш адамдары менен Алжирге барганына көңүл бурган гезит, Эрдоган менен Теббундун эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынын өткөргөнүн маалымдады.

Президент Эрдогандын сапары визуалдык медиада, ошондой эле Алжирдеги көптөгөн араб-француз интернет сайттарында жана социалдык медиада кеңири чагылдырылды.



Тектеш кабарлар