Хамас: «Ок атышпоо жакын»

ХАМАСтын Telegram эсебинде кыймылдын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын ок атышпоо тууралуу билдирүүсү орун алды.

2066694
Хамас: «Ок атышпоо жакын»

Хамастын лидери Исмаил Хания Израиль менен ок атышпоо келишимине «жетүүгө жакындап калгандарын» жана жоопторун бул маселеде арачылык кылган Катарга жеткиргендерин айтты.

ХАМАСтын Telegram эсебинде кыймылдын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын ок атышпоо тууралуу билдирүүсү орун алды.

Хания: «Кыймыл Катардагы бир туугандарына жана ортомчуларына жооп берди, ок атышпоо келишимине жетишүүгө жакынбыз»,-деп айтты.

Хамастын Саясий бюро мүчөсү Иззат ал-Ришк да Израил менен күтүлүп жаткан ок атышпоо келишимине байланыштуу Аль-Жазира телеканалына билдирүүлөрдү жасады.

Ришк: «Эми ал иш Катарга калды. Алар Израиль менен күтүлгөн ок атышпоо келишимин жарыялашат. Келишимдин деталдары жакынкы сааттарда жарыяланат»,-деди.

Ришк келишимге ылайык, Газа тилкесине жардамдын киргизилиши жана эки тараптан аялдар менен балдардын бошотулушу үчүн ок атышпоо талкууланганын билдирди.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль-Кассам бригадалары Израилдин палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Месжид-и Аксага каршы тынымсыз бузууларына жооп берүү деген негиз менен 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду баштаган.  Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.

Израилде 7-октябрдагы кол салууларда 1200 израилдиктин, анын ичинде 310дон ашуун аскердин каза болгону, 5132 кишинин жараланганы жарыяланды.

Израилдин айтымында, Кассам бригадаларында 239 израилдик туткун бар.

Газа өкмөтүнүн маалыматына караганда, 7-октябрдан бери Израилдин кол салууларында Газа тилкесинде 13 миң 300 киши, анын ичинде 5 миң 600 бала жана 3 миң 550 аял каза болду.

7-октябрдан бери оккупацияланган Батыш Шериада жана Кудста Израиль күчтөрү менен жөөт отурукташкандардын кол салууларынан 217 палестиналык каза болду.

Израил армиясы, Газада он миңдеген жарадарлар жана жайкын тургундар баш калкалаган ондогон ооруканалардын кампустарын же негизги имараттарын эвакуациялоого мажбурлоо үчүн сокку урду. Алар оккупация учурунда кээ бир ооруканаларды тинтишти. Кол салууларда жүздөгөн адамдар каза болуп жана жарадар болушту.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосунда чек арадагы кагылышууда «Хизбуллахтын» дагы 76 мүчөсү каза болду.



Тектеш кабарлар