Финляндия- Орусия мамилелери

Орус маалымат агенттиги ТАССка билдирүү жасаган Грушко, Финляндиянын Орусия менен бардык чек ара бекеттерин жабуу ыктымалдуулугуна сереп салды.

2066543
Финляндия- Орусия мамилелери

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко, Финляндиянын Орусия менен чек ара бекеттерин жабуу чечиминин анын улуттук кызыкчылыктарына каршы келерин айтты.

Орус маалымат агенттиги ТАССка билдирүү жасаган Грушко, Финляндиянын Орусия менен бардык чек ара бекеттерин жабуу ыктымалдуулугуна сереп салды.

Орусиянын бардык өлкөлөргө ачык экенин белгилеген Грушко: «Жооп кайтаруу үчүн чараларды көргөндө, биз аларды ар дайым өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз менен байланыштырабыз. Бул абалда мындай чечим Финляндиянын улуттук кызыкчылыктарына ачык түрдө карама-каршы келет»,- деди.

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков да темага байланыштуу билдирүүсүндө: «Бул бизди терең тынчсыздандырууда. Анткени Финляндия менен абдан жакшы, прагматикалык жана бири-бирин урматтаган карым-катнашыбыз бар болчу. Тилекке каршы, бул карым-катнаштардын ордун анти-орус мамилеси алды»,-деп айтты.

Финляндия "үчүнчү өлкөнүн жарандарынын" агымын алдын алуу үчүн дем алыш күндөрү Орусия менен төрт чек ара бекетин жабууну чечкен. Аталган чечимдин 2024-жылдын 18-февралына чейин күчүндө болору кабарланган.

Финляндиянын басма сөзүндө, Орусия менен калган чек ара бекеттеринин да жабуу чечими кабыл алынаары тууралуу кабарлар чыккан.



Тектеш кабарлар