АКШнын Коргоо министри Киевде

Остин Киев вокзалында тартылган фотосүрөтүн социалдык медиа аккаунтунда бөлүштү.

2066466
АКШнын Коргоо министри Киевде

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Жеймс Остин расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Украинанын борбор шаары Киевге барды.

Остин Киев вокзалында тартылган фотосүрөтүн социалдык медиа аккаунтунда бөлүштү.

Киевге украин администрациясы менен жолугушуу үчүн барганын билдирген Остин: "Бүгүн бул жерге маанилүү билдирүүнү жеткирүү үчүн келдим: Америка Кошмо Штаттары азыр жана келечекте Орусиянын агрессиясына каршы эркиндик күрөшүндө Украина менен бирге болууну улантат",-деди.

Орус аскерлери Украинага каршы согушту 2022-жылдын 24-февралында баштаган.



Тектеш кабарлар