Израиль БУУга таандык мектепке сокку урду: 50 адам каза болду

Израиль 43 күндөн бери Газа тилкесин бомбалоосун улантууда.

2065948
Израиль БУУга таандык мектепке сокку урду: 50 адам каза болду

Палестиналык жарандар баш калкалаган Жибалия баш калкалоочулар лагериндеги Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам агенттигине (UNRWA) караштуу Фахура мектебине Израиль армиясынын кол салуусунан 50 киши каза болду.

Израиль 43 күндөн бери Газа тилкесин бомбалоосун улантууда.

Израиль армиясы көп сандаган палестиналык жарандар баш калкалаган Жибалия качкындар лагериндеги Фахура мектебин бутага алды. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү кол салуудан кеминде 50 кишинин каза болгонун билдирди.

Палестинанын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Фахура мектебине кол салуу согуштун Газа тилкесинин түндүгүндөгү палестиналыктардын жашоосун токтотууну максат кылганын далилдегени белгиленди.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуусу да ошол эле лагердеги башка имаратка кол салуудан бир үй-бүлөдөн 19у бала болгон 32 кишинин каза болгонун билдирди.

Ошол эле учурда Израиль армиясы 43 күндөн бери бомбалап, блокадага алган Газа тилкесинде Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү менен кагылышып жатканда, брондолгон унаалары менен кургактыктан аймактын түндүгүнө жана Газа шаарына кирип басып алуусун кеңейтүүгө аракет кылууда.

Газа шаарынын аймактарын түштүк, түндүк жана батыш тараптан курчоого алган Израиль күчтөрү бул огунан борборго карай жылып жатат. Бирок израилдик аскерлер палестиналык топтордун тынымсыз каршылыгына туш болуп жатышат.



Тектеш кабарлар