Швецияда жикчил террордук уюм ПКК жактоочуларынан провокация

Террордук уюмдун провокациясы социалдык медиа баракчаларынан бөлүшүлдү.

2065707
Швецияда жикчил террордук уюм ПКК жактоочуларынан провокация

Швецияда провокацияларын уланткан жикчил террордук уюм ПКК жактоочулары Гётеборг шаарында мэриянын имаратынын мамыларына уюмдун чүпүрөктөрүн илип үгүт иштерин жүргүзүштү.

Террордук уюмдун бул провокациясынын видеосу, ПКК үгүтүн жүргүзгөн социалдык медиа баракчаларынан бөлүшүлдү.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетинде кечээ Швециянын НАТОго кошулуу протоколуна байланыштуу сунуш сүйлөшүүлөрү кийинкиге жылдырылган.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) эл өкүлдөрү кабыл алган кечеңдетүү сунушунда, «Талкууланып жаткан маселе такталбай, сүйлөшүүлөр жетиштүү деңгээлде бышып жетилбегендиктен сунуштун беренелери уланбай токтотулду» деп айтылган.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комитетинин бул чечимине байланыштуу Швеция өкмөтү азырынча билдирүү жасай элек.



Тектеш кабарлар