Израилдин Газа тилкесине кол салуулары уланып жатат

Израиль күчтөрүнүн кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 11 миң 500гө жетти.

2065461
Израилдин Газа тилкесине кол салуулары уланып жатат

Израилдин блокададагы Газа тилкесине кол салуулары уланып жатат.

Израиль күчтөрүнүн кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 11 миң 500гө жетти.

Ооруканаларга жана жарандар жашаган аймактарга кол салуулар күчөп жатканда, Хамас менен Израил күчтөрүнүн ортосунда да катуу кагылышуулар болууда.

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине түнү бою жасаган кол салуусунда каза болгондор жана жаралангандар бар.

Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин кабарына караганда, Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жебалия качкындар лагерине «Израиль баскынчы күчтөрү тарабынан жасалган кыргында» кеминде 11 палестиналык каза болуп, бир нечеси да жараланды.

Израилдин согуштук учактары жана артиллериялык бөлүктөрү Газанын Шейх Ридав, Туффах жана Шукаййе кыштагын, Жаффа көчөсү, Газа шаары жана Неззале аймагын туш келди аткылашты.

Израилдин Дейр ал-Балахтагы Бурайж качкындар лагерин жана Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефах шаарында жер которгон адамдарды бутага алышынын натыйжасында каза болгондор жана жаралангандар болду.

Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин кабарына караганда, «Женин» лагеринде оккупациялык күчтөрдүн куралдуу учкучсуз учуучу аппарат менен жасаган кол салуусунда 2си оор 3 палестиналык каза болуп, 9 киши жараланды.

Күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда, Израиль армиясынын түнкү сааттардан бери Женин шаары жана лагерине ондогон аскерий унаа, бульдозер, тик учак жана учкучсуз учуучу аппараттар менен жүргүзгөн рейддери дагы эле уланууда.

Израиль армиясы шаарга көптөгөн багыттан чабуул жасап, Женин качкындар лагерин курчоого алды.

Ондогон аскердик унаалар менен ар кайсы жерден Женин шаарына кирип барган Израиль аскерлери, Ибн Сина ооруканасын блокадага алышты.

Палестина телекоммуникация компаниясы, Газа тилкесиндеги стационардык линия, уюлдук телефондор жана интернет байланыш кызматтарынын энергия булактарынын түгөнүшүнөн улам толугу менен өчүрүлгөнүн жарыялады.

Палестинанын Кызыл Жарым Ай коому, блокададагы Газа тилкесинин түндүгүндө жайгашкан Аль-Эхли баптист ооруканасын израилдик танктардын курчоого алганын жана топторунун кыймылдай албагандыктан аймактагы жаралууларга жете албаганын билдирди.

Газа тилкесиндеги өкмөт, Израилдин курчоосунда калган Шифа ооруканасында жер которгон 7 миңден ашуун кишинин, оорулуулардын жана медициналык кызматкерлердин суу жана тамак-аштын жетишсиздигинен улам өлүм алдында турганын жарыялады.

Ливандагы Хизбулла кыймылынын Израилдин аскердик пункттарына сокку урганы белгиленди.

Хизбулла Израиль армиясына таандык чек арадагы аскердик пункттарына карай кол салууларына байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө кол салууда бардык пункттарга «толук тактык менен» сокку урулганы белгиленип, Израилдин жоготуулары тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар