Израилдин экономикасы начарлап баратат

Израилдин Каржы министрлиги жарыялаган сандарга караганда, 7-октябрдан бери болжол менен 8 миллиард доллар карыз алынды.

2064269
Израилдин экономикасы начарлап баратат

Израиль, блокададагы Газа тилкесине кол салууларын баштаган 7-октябрдан бери болжол менен 30 миллиард шекел (7,8 миллиард доллар) карыз болгонун билдирди.

Израилдин Каржы министрлиги жарыялаган сандарга караганда, 7-октябрдан бери болжол менен 8 миллиард доллар карыз алынды.

Каржы министрлиги кечээки жумалык облигация тендеринде жергиликтүү рыноктон дагы 3,7 миллиард шекел (болжол менен 1 миллиард доллар) сатып алды.

Израилде сентябрь айында 4,6 миллиард шекел болгон бюджет таңкыстыгы октябрь айында 22,9 миллиард шекелге жогорулады, буга мамлекеттик чыгашалардын асмандап кеткетиши жана экономиканын акырындашы себеп болду. Бул жагдай акыркы 12 айда бюджет тартыштыгын 2,6 пайызга көбөйттү.

Израилдин бюджети Газага тынымсыз кол салган армиянын чыгашалары, болжол менен 350 миң запастагы аскердин салыктан бошотулушу, кошумча каржылык колдоо, салык чегерүүлөрү, кагылыш болгон аймактардан эвакуациялангандардын жатаканасы сыяктуу көптөгөн чыгымдарга жүктөлдү. Запастагы жоокерлердин жумушчу күчү жана активдүү керектөөдөн баш тартуусу да өндүрүштүк жана экономикалык мобилдүүлүктү начарлаты.

Израилдин экономикалык газетасы «Калкалист» согуштун жалпы чыгымы болжол менен 51 миллиард доллардан ашат деп жазды.

Долларга карата төмөндөө тенденциясына кирген шекел акыркы 10 жылдын эң төмөнкү деңгээлине түштү.

Израилдин Борбордук банкы өлкөнүн валютасын коргоого аракет кылгандыктан Израилдин валюта кору азайды.

Борбордук банктын маалыматына караганда, резервдер 7,3 миллиард долларлык азаюу менен 191,2 миллиард долларды түздү.



Тектеш кабарлар