Адам укуктарына байкоо салуу уюму чакырык салды

Уюм, 7-октябрдан 7-ноябрга чейин Индонезия Ооруканасы, Аль-Ахли ооруканасы, Эл аралык көздү дарылоо борбору, Түрк-Палестина Достук ооруканасы жана Кудс ооруканасына же ага жакын жерлердеги кол салууларды иликтеди.

2064203
Адам укуктарына байкоо салуу уюму чакырык салды

Адам укуктарына байкоо салуу уюму, Израилдин Газадагы ооруканаларга кол салууларын "согуш кылмышы" катары иликтөөгө чакырды.

Уюм өз отчетунда: «Израиль армиясынын "медициналык мекемелерге, кызматкерлерге жана транспортко мыйзамсыз кол салуулары Газанын саламаттыкты сактоо системасын ого бетер кыйратты жана согуш кылмыштары катары иликтениши керек», деп билдирди.

Уюм Оккупацияланган Палестина жерлерин иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссия менен Эл аралык кылмыш сотун иликтөөгө чакырды.

Билдирүүдө: «Израиль армиясынын 2023-жылдын 5-ноябрында "Хамас" ооруканаларды колдонуп жатат" деген ырастоолоруна карабастан, келтирилген эч кандай далил ооруканаларды жана тез жардам унааларын эл аралык гуманитардык укук боюнча корголгон статусунан ажыратууну актай албайт»,- деп айтылды.  

Адам укуктарына байкоо салуу уюму, 7-октябрдан 7-ноябрга чейин Индонезия Ооруканасы, Аль-Ахли ооруканасы, Эл аралык көздү дарылоо борбору, Түрк-Палестина Достук ооруканасы жана Кудс ооруканасына же ага жакын жерлердеги кол салууларды иликтеди.



Тектеш кабарлар