Украина : Россия Киевге баллистикалык ракета менен кол салды

Киев шаардык Аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын 52 күндүк тыныгуудан кийин борбор шаарга ракеталык чабуулун кайра баштаганын билдирди.

2063284
Украина : Россия Киевге баллистикалык ракета менен кол салды

Россия  52 күндүк тыныгуудан кийин Украинанын борбору Киевге баллистикалык ракета менен кол салды.

Киев шаардык Аскердик башкармалыгынын башчысы Сергей Попко социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын 52 күндүк тыныгуудан кийин борбор шаарга ракеталык чабуулун кайра баштаганын билдирди.

Орус армиясынын жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00 чамасында Киевге карай «Искандер» тибиндеги баллистикалык ракетасын учурганын белгилеген Попко, ракетанын Киевге жакын жерде абадан коргонуу системасы тарабынан жок кылынгандыгын, алгачкы аныктамаларга караганда кыйроо же каза болгондордун болбогонун белгиледи.

Попко өзгөчө түнкү сааттарда Россиянын Киевге учкучсуз учууучу аппараттар менен кол салгандыгын билдирди. 

Одесса аймагынын Аскердик башкармалыгынын төргасы Олег Кипер соцтармактан берген билдирүүсүндө түнү Россиянын аймакка ракета жана "Шахед" моделиндеги учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуул жасагандыгын маалымдады. 

Ракеталардан кийин орус армиясынын аймакка учкучсуз учуучуч аппараттарды жибергендигин билдирген Кипер 4 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөндүгүн, колдонулбаган имараттардын атылгандыгын жана жаралангандардын болбогонун айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар