Палестиналык активист Франциядан депортацияланды

Revolution Permanente сайтынын маалыматына караганда, активист Абу Дакка кечээ Франциядан депортацияланды.

2063322
Палестиналык активист  Франциядан  депортацияланды

Францияда камакка алынган палестиналык активист Мерйем Абу Дакка депортацияланып, Египетке жөнөтүлдү.

Revolution Permanente сайтынын маалыматына караганда, активист Абу Дакка кечээ Франциядан депортацияланды.

Абу Дакка Парижден учак менен полициянын коштоосунда Египеттин борбор шаары  Каирге жеткирилди.

Палестина элдик боштондук фронтунун мүчөсү Абу Дакка жалпы өлкөдө палестиналыктардын турмуштук шарттары тууралуу конференция өткөрүү үчүн сентябрда Францияга барган. 

Өлкөнүн  түштүгүндөгү Марсель шаарында  16 -  октябрда "коомчулуктун тартибин бузду" деген негиз менен  полиция тарабынан токтотулган Абу Дакка 45 күн үй абагына алынды. 

Ички иштер министрлиги Абу Даккага каршы депортациялоо буйругун чыгарган.

Жергиликтүү сот палестиналык активисттин депортацияланышына байланыштуу өкүмдү токтотуу чечимин чыгарды.

Ички иштер министрлиги жергиликтүү соттун чечимин Мамлекеттик кеңешке алып чыкты.

Мамлекеттик кеңеш 8-ноябрдагы чечиминде палестиналык активистти депортациялоого макулдук берип, Абу Дакканын Францияда эч кандай байланышы жок экенин белгилеген.

Парижде бул жумада жарандык кийимчен 4 полиция Абу Дакканы камакка алган.

Моюн сунбаган Франция  партиясынын депутаты Себастьян Делогу да араларында болгон айрым оппозициячыл депутаттар     борбор шаарда Абу Даккада  камакка алынышына нааразычылык  билдиришти.

 



Тектеш кабарлар