Израиль: "Сириядагы бир уюмга сокку урдук"

Израиль армиясы менен полициясы кечээ Эйлат шаарында учкучсуз учуучу аппараттын кыйраганын билдирген.

2062857
Израиль: "Сириядагы бир уюмга сокку урдук"

Израиль армиясы кечээ өлкөнүн түштүгүндөгү Эйлат шаарына учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган кол салууга жооп катары Сирияда бир «уюмга» сокку урганын жарыялады.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ Израилдин түштүгүндө Кызыл деңиз жээгинде жайгашкан Эйлатты бутага алган учкучсуз аппараттын бир мектепке урунганы эске салынды. Израиль армиясы учкучсуз учуучу аппараттын чабуулуна жооп катары «Сириядагы бир уюмдун» бутага алынганын кабарлады.

Билдирүүдө Эйлат кол салуусуна «толугу менен Сирия режими жооптуу» деп белгиленип, Израиль армиясынын мындай аракеттерге «катуу жооп кайтарары» айтылды.

Израиль армиясы менен полициясы, кечээ Эйлат шаарында учкучсуз учуучу аппараттын кыйраганын билдирген. Мектепке урунган жана материалдык чыгымга учураткан учкучсуз аппараттын кокустуктанбы же кол салуудан түшкөнбү бул тууралуу маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар