Франциянын тышкы иштер министри менен Палестинанын премьер-министри жолугушту

Парижде «Газа үчүн эл аралык гуманитардык конференция өткөрүлдү.

2062980
Франциянын тышкы иштер министри менен Палестинанын премьер-министри жолугушту

Франциянын тышкы иштер министри Кэтрин Колонна менен Палестинанын премьер-министри Мухаммед Штайе Франциянын борбор шаары Парижде жолугушту.

Франциянын тышкы иштер министри Колонна X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, кечээ Парижде өткөрүлгөн «Газа үчүн эл аралык гуманитардык конференциядан» кийин Палестинанын премьер-министри Штайе менен жолугушкандарын айтты.

Жолугушууда Газа тилкесинде ок атышпоого алып келе турган гуманитардык кийлигишүүнүн шашылыш экенине көңүл бурулганын белгилеген Колонна, Штайе менен Палестина маселесинде маанилүү болгон эки мамлекеттүү чечим боюнча да пикир алмашкандарын маалымдады.

«Газа үчүн эл аралык гуманитардык конференцияга» Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, ЕБ кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис, Түштүк Кипр Рум администрациясынын (ГКА) жетекчиси Никос Христодулидис, Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар, Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) төрагасы Мирьяна Сполярич Эггер, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдөн жетекчилер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конференцияда Түркияны тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз өкүлдүк кылды.



Тектеш кабарлар