Израилдин элчиси Германияда чет элдик имамдын болушуна тыюу салынышын талап кылды

Funke Media Group гезиттерине билдирүү жасаган Просор, Израилдин Германияда "чет өлкөдөн келген кээ бир имамдар менен маселесинин бар экендигин" айтты.

2062687
Израилдин элчиси Германияда чет элдик имамдын болушуна тыюу салынышын талап кылды

Израилдин Германиядагы элчиси Рон Просор чет элдик имамдарга тыюу салууну талап кылды. 
 Funke Media Group гезиттерине билдирүү жасаган Просор, Израилдин Германияда "чет өлкөдөн келген кээ бир имамдар менен маселесинин бар экендигин" айтты.

Просор имамдардын “Германия менен Европаны өзгөртүүнү каалаган”  идеология менен келишкенин, ошондуктан мечиттерди жакшылап текшерүү керектигин белгиледи.

Израилдин элчиси Германияга мусулмандар үчүн  имамдарды өзү дайындоого жана чет элдик имамдардын иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады.

Просор Израилдин палестиналык жарандарга карата кол салууларына каршы уюштурулган тилектештик митингдеринде болгон антисемиттик окуялар тууралуу да Германияда сөз эркиндигинин чектелишине чакырып : "Германиянын мыйзамдары өзгөртүлүшү керек жана сөз эркиндигин чектөө керек",- деди. 

Элчи жөөт душмандыгы менен Израиль душмандыгынын  бирдей жазаландырылбашы керектигин да айтты. 


 



Тектеш кабарлар