Израилдин 7 -  октябрдан бери Газа тилкесине карата чабуулдары улантылууда

Израиль күчтөрүнүн Хан Юнус шаарына жасаган абадан кол салууларында 6 киши каза болду.

2062457
Израилдин 7 -  октябрдан бери Газа тилкесине карата чабуулдары улантылууда

Израиль күчтөрүнүн Хан Юнус шаарына жасаган абадан кол салууларында 6 киши каза болду. 

Башка бир кол салууда да Газа тилкесинин Шава аянтына жакын Амрити үй  -  бүлөсүнө таандык бир үй атылып көп сандаган киши жаракат алды. 

Израиль аскердик учактары Газа тилкесинде миңдеген бейтап жана баш калкалоочу болгон Шифа  ооруканасы жана Наср балдар ооруканасынын айланасы менен айрым аймактарды бомбалоону улантты. 

Абадан кол салуусунун натыйжасында айланадагы  палестиналык 3 киши каза болуп, ондогон киши жараланды. 

Израиль Рефах шаарынын чыгышында да артиллериялык атууларды ишке ашырды.

Газадагы өкмөт Израиль армиясынын акыркы 3 күндө 8 оорукананы түздөн түз бомбалагандыгын, чабуулдар башталган  7 -  октябрдан бери 18 оорукананын иштебей жаткандыгы билдирилди. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда Израилге "Акса топону" деп аталган чабуул баштаган.

Израиль армиясы да буга каршылык көрсөтүп аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычьар" операциясын баштагандыгын билдирген. 

Израиль  7 -  октябрдан бери 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгондугун, 5 миң  132 кишинин жаралангандыгын жарыялады. 

Израилдин маалыматына караганда, Кассам бригадаларынын колунда 239 израилдик туткун бар.

Газадагы Палестина  Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Израилдин кол салууларында 10 миң 569 палестиналык каза болуп, анын ичинен 4324 бала жана 2823нүн аялдар жана кеминде 26 миң 475 киши жараланды.

Батыш Шериа жана Кудста Израиль күчтөрү менен жөөт отурукташуучулар 172 палестиналыкты өлтүрдү. 

Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосунда 8 -  октябрдан бери болуп келе жаткан кагылышууларда Хизбуллахтын 36 мүчөсү менен 4 Израиль аскери каза болду. 

 



Тектеш кабарлар