Сирия армиясы Идлибге кол салды

Кол салууда 1 жаран каза болуп, 5 жаран жаракат алды.

2062012
Сирия армиясы Идлибге кол салды

Сириядагы Башар Асад режими күчтөрүнүн Идлибдин  Тефтенез аймагына жасаган кол салуусунда 1 жаран каза болуп,  5 жаран жаракат алды. 

Идлибдин Талхийе айылына жайгашкан Сирия армиясы менен Иран колдогон чет элдик террордук  топтор Идлибдин  түндүк  чыгышындагы Тефтенезге кургактыктан кургактыкка атуучу куралдар менен кол салды.

Жарандык коргоо булактарынан алынган маалыматка караганда кол салууда  1 жаран каза блуп, беш киши алардын ичинен 1 бала жараланды. Жаралуулар тегеректеги ооруканаларга жаткырылды. 

 



Тектеш кабарлар