Израиль АКШдан 200 "камикадзе дрон" талап кылды
Израилдин мамлекеттик телекөрсөтүүсү KANдын кабарында Израилдин АКШдан 200 даана "Switchblade 600" моделиндеги учкучсуз учуучу аппарат талап кылгандыгы белгиленди.
Израилдин АКШдан 200 даана "камикадзе дрон" деп аталган "Switchblade 600" моделиндеги учкучсуз учуучу аппарат сатып алууну каалагандыгы билдирилди.
Израилдин мамлекеттик телекөрсөтүүсү KANдын кабарында Израилдин АКШдан 200 даана "Switchblade 600" моделиндеги учкучсуз учуучу аппарат талап кылгандыгы белгиленди.
Сөзү болгон учкучсуз учуучу аппараттардын өнүккөн камерасынын бар экени, кээ бир жардыргыч материалдарды ташый ала турганы жана жакын жердеги учкучсуз учуучу аппараттардан маалымат ала ала турганы жана бул учкучсуз учуучу аппараттардын 40 километр аралыкка ээ экендиги, 40 минутада абада кала ала турганы белгиленди.
Бул маселе боюнча АКШ менен Израилден азырынча расмий билдирүү келе элек.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7 - октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.
Буга жооп катары Израиль армиясы да аскердик учактар менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялады.
Чыңалуунун күчөшү менен эки тараптан тең көптөгөн жоготуу болду.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны 34 миң 454кө жетти
Газада Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.