Зеленский: "Менимче азыр шайлоо өткөрүү үчүн ылайыктуу учур эмес"

Зеленский социалдык тармактагы видео постунда, өлкөсүндөгү президенттик шайлоого карата билдирүү жасады.

2061535
Зеленский: "Менимче азыр шайлоо өткөрүү үчүн ылайыктуу учур эмес"

Украинанын президенти Владимир Зеленский президенттик шайлоо процессине байланыштуу: "Менимче азыр шайлоо өткөрүү үчүн ылайыктуу учур эмес",- деди.

Зеленский социалдык тармактагы видео постунда, өлкөсүндөгү президенттик шайлоого карата билдирүү жасады.

Президент Зеленский: "Азыр шайлоо өткөрүү үчүн ылайыктуу учур деп ойлобойм. Кандайдыр бир саясий талаш-тартыштарга чекит коюп, келечек үчүн биргеликте иш алып бара турган болсок, коомго зарыл болгон бардык жоопторду бере турган структуралар мамлекетте бар. Ушундайча талкуу аймактарын түзбөйбүз жана Украинага каршы оюндарга жол бербейбиз", - деди.

Мамлекетти коргоосуз калтырбоо керектигин белгилеген Зеленский, мамлекеттин жана жарандын келечегин аныктай турган согуштун уланып жатканын, Орусияга пайда алып келе турган кадамдардан качуу зарылдыгын айтты.

Украина парламентинин (Радасынын) депутаты Алексей Гончаренко кечээ Зеленскийдин 2024-жылдын 31-мартында өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча тапшырма бергенин кабарлаган. 

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусия менен согушуп келет.



Тектеш кабарлар