Газадагы абал
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер билдирүү жасады.
Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) Израилдин катуу кол салууларына кабылган Газа тилкесиндеги калктын сууга, күйүүчү майга, тамак-ашка жана саламаттыкты сактоо кызматтарына коопсуз жетүүгө муктаж экенин билдирди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер, Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинин апталык маалымат жыйынында, Израил-Палестина жаңжалына сереп салды.
Кагылышуулар бир айга созулганын эске салган Линдмайер, ДССУнун азаптардын жеңилдетилиши үчүн кагылышууларга тез арада гуманитардык тыныгуу берилиши чакырганын кайталады.
Линдмайер: "Газада миңдеген адамдар өлүп жатат, ал тургай аман калгандар травмалардан, оорулардан жана тамак-аш менен суунун жетишсиздигинен жапа чегүүдө. Газалыктар аман калуу үчүн сууга, отунга жана тамак-ашка, ошондой эле медициналык жардамга коопсуз жетүүгө муктаж",-деди.
Газада 160 медицина кызматкеринин каза тапканын белгилеген Линдмайер, алардын 16сынын кызмат учурунда өлтүрүлгөнүн айтты.
Линдмайер Газада саламаттык сактоо борборлоруна 102, басып алынган Батыш Шериада 121 кол салуу болгонун кабарлады.