Орусия-Украина кагылышуусу

Орус армиясынын 3-ноябрда Запорожьедеги ракеталык кол салуусунда каза тапкан жоокерлердин саны тууралуу маалымат берилди.

2061049
Орусия-Украина кагылышуусу

Украина армиясы, Орусиянын 3-ноябрда Запорожье аймагындагы 128-Тоо чабуул бригадасына ракеталык кол салуусунда 19 аскеринин каза болгонун жарыялады.

Бригаданын социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө, орус армиясынын 3-ноябрда Запорожьедеги ракеталык кол салуусунда каза тапкан жоокерлердин саны тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө: «Душмандын ракеталык кол салуусунан 128-Тоо чабуул бригадасынын 19 жоокери каза болду. Учурда каргашалуу окуянын бардык жагдайлары тыкыр иликтенип жатат. Бригаданын мыкты жоокерлери каза болушту», деген сөздөр камтылды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн стратегиялык байланыш борборунун (StratCom) кечээки билдирүүсүндө, Орусиянын 3-ноябрда Запорожье багытындагы Украина куралдуу күчтөрүнүн 128-Тоо чабуул бригадасын «Искандер-М» ракетасы менен аткылаганы, кол салуудан аскерлердин каза болгондугу жана карапайым калктын жараланганы кабарланган.

2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергенден кийин Орусия-Украина согушу башталган.

Путин Киевди НАТОго кирүүсүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айткан.



Тектеш кабарлар