Израилдин Газага кол салуулары...

Израилдик күчтөр Газанын түндүк-батыш, борбордук жана түштүк-батыш аймактарын катуу бомбалоодо.

2060776
Израилдин Газага кол салуулары...

Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 10 миңден ашты.

Израил күчтөрүнүн Газанын түндүк-батыш, борбордук жана түштүк-батыш аймактарын, эң чоң ооруканасы Шифа ооруканасын, ошондой эле турак жайларды, жолдорду жана шаардын порт аймагын бутага алган бомбалоолорунда каза болгондордун саны күн санап өсүүдө.

Акырында кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 10 миңден ашканы, анын 4 миң 104ү балдар экени жарыяланды.

Бомбалоолордун кесепетинен аймактагы бардык байланыш жана интернет кызматтары кыйрады.

Палестинанын телекоммуникация компаниясынын билдирүүсүндө Израиль армиясынын Газа тилкесине абадан кол салууларынын күчөшүнүн натыйжасында аймакта 10 күндүн ичинде үчүнчү жолу байланыш жана интернет кызматтарынын кыйраганы эске салынды.

Билдирүүдө Газа тилкесинде кечээ кечтен бери өчүрүлгөн интернет жана байланыш кызматтарынын акырындык менен калыбына келтирилгени белгиленди.

Ошол эле учурда Газадагы өкмөттүн медиа кеңсесинин башчысы Саламе Маруф: «Оккупацияланган Израиль үч күндөн бери Газа тилкесинде эч кимге түндүктөн түштүккө же түштүктөн түндүккө барууга уруксат берген жок, ошондой эле Египет тарабынан тастыкталган жарадарларды эвакуациялоо боюнча кызматташтыктын негизинде биз Египет, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Кызыл чырым менен байланыш түзүп жатсак да, жарадарлардын чыгышына тоскоол болууда»,-деди.

Газа тилкесинде кыйраткыч аскерий кол салууга дуушар болгон сайын Израилдин жарандарга каршы «кыргын» жасаганын белгилеген Маруф : «Газа тилкесиндеги бардык ооруканалардын айланасы Израилдин катуу бомбалоосуна дуушар болууда. Баскынчылар Газа тилкесиндеги ооруканаларга карата коркутууларын ишке ашыра башташты»,-деди.

Маруф, Кызыл Чырым Израилдин Рефах чек ара капкасына жаралангандарды ташыган тез жардам унааларынын Газа тилкесинин түндүгүнө кайтып келишине тоскоол болгонун билдиргенин айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Андан бери эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болду.



Тектеш кабарлар