Израиль армиясы Газа шаарын толугу менен курчоого алганын билдирди

Армиянын басма сөз катчысы Даниел Хагари маалымат жыйынында Газага жасалган кол салууларга байланыштуу билдирүү жасады.

2060678
Израиль армиясы Газа шаарын толугу менен курчоого алганын билдирди

Израиль армиясы блокададагы Газа тилкесин экиге бөлүп, Газа шаарын толугу менен курчоого алганын билдирди.

Армиянын басма сөз катчысы Даниел Хагари маалымат жыйынында Газага жасалган кол салууларга байланыштуу билдирүү жасады.

Израиль күчтөрүнүн Газа шаарын толугу менен курчоого алып, Газа тилкесин экиге бөлүшкөнүн белгилеген Хагари : «Бүгүн Газанын түндүгү жана Газанын түштүгү бар»,-деди.

Хагари Газанын түндүгүндөгү палестиналык жарандардын түштүккө өтүшүнө да уруксат бере тургандарын айтты.

Газага жасалган кол салуулар тууралуу суроого жооп берген Хагари, Израиль күчтөрүнүн аймакта кеңири масштабдуу кол салууларды жасаганын белгиледи.

Израилдин башкы штабынын төрагасы Херзи Халеви да Ливан менен чек ара сызыгы болгон түндүккө чабуул коюуга даяр экендиктерин жана мунун болушу мүмкүн экенин айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Андан бери эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болду.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен Хизбуллахтын ортосунда маал-маалы менен кол салуулар болуп келет.

 

 



Тектеш кабарлар