Газада талаа ооруканаларына муктаждык бар

Кейл, Газадагы саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу маалымат берди.

2060739
Газада талаа ооруканаларына муктаждык бар

Палестинанын саламаттыкты сактоо министри Мей эл-Кейл, Израилдин катуу бомбалоосунан улам саламаттык сактоо системасы кыйраган Газада талаа ооруканаларына муктаждык бар экенин айтты.

Кейл бир телеканалга жана министрликтин Фейсбук баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө, Газадагы саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу маалымат берди.

Газадагы ооруканалардын ишин улантуусу үчүн күйүүчү май, электр энергиясы жана медициналык каражаттарга муктаж экенин айткан Кейл, кол салуулар жана күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам 16 оорукана менен 51 саламаттыкты сактоо борборунун иштебей калганын маалымдады.

Газадагы ооруканалардагы керебеттердин нормалдуу шарттарда да жетишсиз экенине көңүл бурган Кейл, 16 оорукананын иштебей калышы жана кол салууларда 24 миңден ашуун кишинин жараланышынын керебет санында чоң кемчиликке себеп болгонун кабарлады. 

Бейтаптарга стерилдүү эмес чөйрөлөрдө, оорукана коридорлорунда жана телефон жарыктары менен операция жасалганын белгилеген Кейл, Газада талаа ооруканаларынын курулуусу керектигин билдирди.

Кейл дүйнөгө жана эл аралык уюмдарга кайрылып, жаралууларды Египеттеги ооруканаларга жөнөтүү жана күйүүчү май менен медициналык каражаттардын Газага киришине уруксат берүү үчүн чара көрүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар