Израилдик министр палестиналыктарга акаарат кылды

Элияху катышкан радио программасында Газа тилкесиндеги палестиналыктарга карата чуулгандуу сөздөрдү айтты.

2060462
Израилдик министр палестиналыктарга акаарат кылды

Израилдин ашкере оңчул мурастар министри Амихай Элияху блокададагы Газа тилкесине өзөктүк бомба таштоо ыктымалдыктардын бири деген билдирүүсүнөн артка чегинди жана анын сөздөрүн «метафоралык» болчу деп билдирди.

Анын Газа тилкеси тууралуу чуулгандуу сөздөрүнө болгон реакциялардан кийин ашынган оңчул Элияху артка кадам таштады.

Элияху X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө атомдук бомба жөнүндөгү билдирүүсүн "метафоралык" деп ырастады.

Элияху өзү катышкан радио программасында өзөктүк курал колдонуунун Газа үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн бири экенин билдирген билдирүү жасаган.

Бул билдирүүдөн кийин премьер-министр Беньямин Нетаньяху Элияхуну өкмөт жыйындарынан белгисиз мөөнөткө четтетти.

Мурдагы премьер-министр Яир Лапид Нетаньяхуну Элияхуну кызматтан алууга чакырды.

Израилдик ашкере оңчул мурастар министри Амихай Элияху, блокададагы Газа тилкесине өзөктүк бомба таштоонун ыктымалдуулуктардын бири экенин жана аймакта жашаган палестиналыктардын Ирландияга же чөлгө кетиши керектигин белгилеген.

Элияху катышкан радио программасында Газа тилкесиндеги палестиналыктарга карата чуулгандуу сөздөрдү айткан.

Палестинага душмандыгы жана ашынган оңчул көз караштары менен өзгөчөлөнгөн Отзма Йехудит (Жөөт күчү) партиясынын коалициялык өкмөтүндө орун алган Элияху, Газага эч кандай гуманитардык жардамдын киришине уруксат берилбеши керектигин жактады.

Элияху Газанын кайрадан басып алынышын жана бул аймакта мыйзамсыз жөөт конуштарынын курулушун талап кылган болчу.

Газада жашаган палестиналыктардын тагдыры эмне болот деген суроого Элияху: «Ирландияга же чөлгө барса болот, Газадагы «желмогуздар» өздөрү бир чечим табышы керек»,- деп жооп берген.

Алып баруучунун «Газага атомдук бомба таштоого муктаждык барбы?» деген суроосуна Элияху: «Бул (Газага атомдук бомба таштоо) ыктымалдуулуктардын бири»,-деди.



Тектеш кабарлар