Канада менен Швейцариянын лидерлери Палестинадагы кырдаалды талкуулашты

Жастин Трюдо менен Ален Берсет Канаданын борбор шаары Оттавада жолугушту.

2059983
Канада менен Швейцариянын лидерлери Палестинадагы кырдаалды талкуулашты

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен Швейцария Конфедерациясынын төрагасы Ален Берсет, Израилдин Газага кол салууларынан кийин Палестинадагы акыркы абалды талкуулашты.

Канаданын премьер-министрлигинин билдирүүсүндө, Канаданын борбор шаары Оттавада жолуккан Трюдо менен Берсеттин Газадагы зомбулуктун күчөшү жана гуманитардык абалга байланыштуу тынчсызданууларына басым жасагандары белгиленди.

Билдирүүдө эки тараптын аймактагы жарандар үчүн шашылыш жана тоскоолдуксуз гуманитардык жардам керектиги боюнча макулдашканы кабарланды.

Трюдо жана Берсеттин, Хамастын туткундарга адамгерчиликтүү мамиле жасап, аларды тез арада бошотууга чакырганы айтылган билдирүүдө, Украинага колдоо көрсөтүүнүн улантылышынын да сүйлөшүлгөнү маалымдалды.

Эки лидердин Хамастын кол салууларын айыптаганы жана Израилдин өзүн коргоого укугу бар экенин баса белгилендери билдирилди.



Тектеш кабарлар