Израилдин аскердик жоготуулары

Иззеддин аль  -  Кассам бригадалары Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт Лахияда  4 Израиль аскеринин өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

2060120
Израилдин аскердик жоготуулары

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин аль  -  Кассам бригадалары Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт Лахияда  4 Израиль аскеринин өлтүрүлгөндүгүн билдирди. 

Кассам бригадалары Телеграм  эсебинен Газадагы кагылышуулар тууралуу акыркы маалыматтарды бөлүштү. 

Кассамга караштуу күчтөрдүн Газа тилкесинин түндүк бөлүгүндөгү Бейт Лахияда Израиль аскерлерин тузакка түшүргөндүгү жана  4 аскерди өлтүргөндүгү белгиленди. 

Дагы бир билдирүүдө Кассам бригадаларынын 4 ракета менен Израиль танкын бутага алган сүрөттөр камтылган.

Ошондой эле Газа шаарынын түндүгүндө 3 бронетехниканын ракета менен бутага алынганы көрүлдү.

Израиль армиясынын бүгүн эртең менен берген билдирүүсүндө Газа тилкесинде дагы 4 Израиль аскеринин каза болгондугу,  кургактыктан жүргүзүлгөн  операцияда чыккан кагылышууларда  31 - октябрдан бери кагылышууларда каза  болгон аскер саны 23кө жеткендиги маалымдалды.

Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ел  -  Кассам бригадалары  7 -  октябрь  күнү  эрте менен Израилдин «Палестиналыктарга жана башта Месжид   - и Акса болгон ыйык баалуулуктарга карата эреже бузууларга жооп кайтаруу» деген негиз менен кенен түрдө чабуул жасап, Израиль армиясы да Газа тилкесине карата катуу чабуул баштады.

Израиль Газадан жасалган кол салууларда 338 аскер жана 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5132 кишинин жараланганын жарыялады.

Бирок Израилдин кагылышуу аянтындагы жоготууларынын мындан да көп экендиги жана аларды билдирүүдөн алыс экендиги айтылууда.

Израилдин Газага карата кол салууларында каза болгондордун саны 9 миң 227ге жогорулады. 

 



Тектеш кабарлар