Энтони Блинкен Түркияга келет
Блинкен Түркиядан мурда Израиль жана Иорданияга барат.
![Энтони Блинкен Түркияга келет](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e732/4d4b/f0e5/6543386326849.jpg?time=1718854215)
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркияга келет.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы 5-ноябрда Түркияга сапар жасайт.
Блинкен Түркиядан мурда Израиль жана Иорданияга барат.
Энтони Блинкен 7-октябрда Израиль менен Хамастын ортосунда кагылышуулар башталгандан бери үчүнчү жолу Тель-Авивге барат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэттью Миллер, Блинкендин жума күнү Израиль менен Иорданияга барарын билдирип: «(Блинкен) Израилдин эл аралык гуманитардык укукка ылайык өзүн коргоо укугуна колдообузду дагы бир жолу кайталайт жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иш-аракеттерибизди, ошондой эле жарандардын курмандыктарын азайтуу үчүн бардык чараларды көрүү зарылдыгын талкуулайт»,- деди.
Хамастын куралдуу канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары Израилдин “палестиналыктарга жана алардын ыйык баалуулуктарына, өзгөчө Акса мечитине каршы тынымсыз мыйзам бузууларына” жооп катары 7-октябрдын таңында кеңири чабуулду, Израиль армиясы да Газа тилкесин абадан катуу бомбалоону баштаган.
Израилдик жетекчилер, Газадан жасалган кол салууларда 315и аскер 1400дөн ашуун израилдиктин каза болгонун, 5 миң 132 кишинин жараланганын жарыялады.
Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари, Газада ал-Кассам бригадасынын колунда 240 израилдик туткундун бар экенин белгиледи.
Газадагы Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин кол салууларында 3 миң 648и бала, 2 миң 290у аял жалпы 8 миң 796 палестиналыктын каза болгонун, 22 миң 219 кишинин жараланганын билдирген.