Боливия Израиль менен дипломатиялык мамилесин үздү

Президенттиктин басма сөз катчысы Мария Нела Прада жана тышкы иштер министринин орун басары Фредди Мамани биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү.

2058728
Боливия Израиль менен дипломатиялык мамилесин үздү

Түштүк Америка өлкөсү Боливия, Газага уланып жаткан кол салуулардан улам «Израиль менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзгөнүн» жарыялады.

Президенттиктин басма сөз катчысы Мария Нела Прада жана тышкы иштер министринин орун басары Фредди Мамани биргелешкен пресс-конференцияда, Израиль менен дипломатиялык мамилелерин үзүүнү чечкендерин билдиришти.

Мамани бул пресс-конференцияны Жакынкы Чыгыштагы кооптуу абалдардан улам өткөрүшкөндөрүн белгилеп: «Боливия Израиль мамлекети менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзүү чечимин чыгарды. Өлкөбүз Палестина маселесине байланыштуу мурда да эки жолу расмий билдирүү жасаган болчу»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары келишимин эске салган Мамани: «Боливия Адам укуктарынын жалпы декларациясында камтылган ырайымсыз, адамгерчиликсиз жана ар-намысты басмырлоочу мамиленин бардык түрлөрүн четке кагат»,-деп баа берди.

Министрдин орун басары Мамани ок атышпоонун "дароо" болушу керектигин баса белгилеп, "Израилдин Газа тилкесиндеги агрессивдүү жана ченемсиз аскерий чабуулу эл аралык тынчтыкка коркунуч туудурат жана айыпталышы керек. Азык-түлүк, дары-дармек жана гуманитардык жүктөрдүн киришине уруксат берилиши зарыл. Израилдин палестиналык конуштарга блокадасы алып салынышы керек»,- деп айтты.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар