Блинкен- Герцог сүйлөшүүсү

Блинкен Израилдин өзүн коргоо укугун жактагандарын кайталап, Газага гуманитардык жардамдардын тез арада көбөйүшү жана аймакка жеткирилиши керектигин айтты.

2058849
Блинкен- Герцог сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин президенти Ицхак Герцог менен телефон аркылуу сүйлөштү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, Блинкен Херцог менен өткөргөн телефондук сүйлөшүүсүндө, кагылышууларда жарандардын зыян тартышын азайтуу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.

Блинкен Израилдин өзүн коргоо укугун жактагандарын кайталап, Газага гуманитардык жардамдардын тез арада көбөйүшү жана аймакка жеткирилиши керектигин айтты.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) билдирүүсүнө караганда да, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин израилдик кесиптеши Йоав Галлант менен Израил-Палестина жаңжалын талкуулады.

Аскердик операцияларда жарандардын коопсуздугуна артыкчылык берилиши керектигин баса белгилеген Остин, Газадагы жарандар үчүн "Рефах" чек ара капкасынан өткөн гуманитардык жардамдардын көбөйтүлүшү керектигине көңүл бурду.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израиль армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын кабарлаган.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар