Израилдин Газага кол салуулары

Израиль аскердик учактары жана артеллериясынын  түнү менен Газа тилкесинин бардык аймактарын бомбалоосу менен көп сандаган киши каза болду.

2058303
Израилдин Газага кол салуулары

Израиль аскердик учактары жана артеллериясынын  түнү менен Газа тилкесинин бардык аймактарын бомбалоосу менен көп сандаган киши каза болду. 

Палестина маалымат агенттиги  WAFAнын кабарына караганда Газанын борбордук бөлүктөрүндөгү Зевайде аймагында Медициналык борбор кызматтарынын жанындагы бир үйдүн бутага алынышы менен  көбү аялдар жана балдар болгон 18 киши каза болду.

Египет чек арасына жакын Рефах шаарында болгон кол салууда 18 киши каза болду.

Рефах шаарындагы Батыш качкындар лагериндеги  Хижази үй-бүлөсүнө таандык үйдү бутага алган Израиль учактарынан ташталган бомбалар 9 палестиналыктын каза болушуна жана көп сандаган кишинин жараланышына себеп болду.

Газанын түндүгүндө бир үйдүн бомбаланышынын натыйжасында араларында 6 жашар бала да болгон 3 киши каза болуп, 9 киши жараланды.

 

Бомбалоодон улам урап түшкөн үйдүн урандыларынын астында калгандардын бар экени айтылды.

Газанын борбордук бөлүгүндөгү Зейтун конушунда бир үйдүн бомбаланышынын натыйжасында 7 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Израилдин аскердик учактары  шаардын түндүк-батыш бөлүгүндөгү Ататра, Бейт-Лахье жана Бейт-Ханун аймактарын катуу бомбалады.

Рефахтын чыгышы, Хан-Юнус жана Аль-Бариж аймактары да артиллерия менен атылды.

Рефах шаарынын батышында бир үй менен Тел эль-Хевада көп сандаган үйдүн бомбаланышынын натыйжасында 3 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Израилдик учактардын түнү бою Газанын бир топ жерине жарык берүүчү шамдарды таштоо менен чалгындоо учууларын улантканы жана түнү бою Газа тилкесиндеги ооруканалардын айланасындагы аймактарга сокку урууну уланткандыгы маалымдалды.  

Израиль армиясынын билдирүүсүндө акыркы 24 саатта Газа боюнча 300гө жакын жердин сокку урулганы белгиленди.

Бутага алынган жерлердин арасында танкка каршы ракеталар жана Хамастын аскердик канаты Иззеддин аль - Кассам бригадаларына таандык ракеталар атылган жерлер сыяктуу «аскердик пункттардын» болгону айтылды.

Билдирүүдө аймактагы кургактык күчтөрүнүн Кассам бригадасынын мүчөлөрү менен кагылышууларга киргени да белгиленди.

Израиль учактары газанын бир топ аймагына түнү менен жарыктандыруучу фейерверктерди ыргытып, чалгындоо учууларын аткарууну улантты, түнү менен Газа тилкесиндеги ооруканалардын айланасын аткылоону да уланткандыгы маалымадлады. 

WAFAнын оорукана булактарынан чогулткан маалыматына караганда Газанын түндүгүндөгү Индонезия ооруканасынын айланасындагы үйлөр, шаардын батышында Палестина Кызылайы башкарган Иерусалим ооруканасы, түштүктө Газа Европа ооруканасы жана Түркия - Палестина достук ооруканасы  Израиль учактарынын бутасы болду.

Газадагы өкмөттүн басма сөз кеңсесинин башчысы Селаме Маруф пресс-конференцияда Израилдин Газадагы кол салууларынан улам кыйроолор тууралуу маалымат берди.

Маруф оккупация күчтөрүнүн Газада 85 мамлекеттик имаратты талкалагандыгын билдирди. 

Израилдик күчтөр Хамастын саясий бюросунун төрага орун басары Салих ал-Аруринин Рамалланын түндүгүндөгү Арура шаарындагы үйүн да жардыргыч заттарды колдонуу менен талкалашты.

Израиль армиясы Ливандагы Хизбуллахка таандык кээ бир жерлерди бутага алганын жарыялады.

Бир тараптан Хамас кыймылынын аскердик канаты Кассам бригадалары, согушкерлеринин Газанын түштүгүнөн кирип келе жаткан Израиль күчтөрү менен кагылышканын жарыялады.

Палестинанын маалымат агенттиги WAFA Газадагы Түркия - Палестина достук ооруканасынын Израилдин бомбалоосунун бутасы болгонун жарыялаган.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады.

Израиль армиясы да буга карата аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаткандыгын билдирген.

Күч алган чыңалуудан эки тарапта тең чоң жоготуулар болду.

 

 



Тектеш кабарлар