АКШнын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү билдирүүсү

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

2058076
АКШнын ок атышууну токтотуу жөнүндөгү билдирүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын администрациясы, Израилдин катуу бомбалоосуна кабылган Газа тилкесинде ок атышпоо чакырыктарына байланыштуу: «Учурда ок атышпоонун Хамаска пайда алып келерине ишенебиз»,- деп сереп салды.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык байланыш координатору Жон Кирби басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Кирби Газадагы жарандар үчүн гуманитардык ок ​​атышпоо пикирине байланыштуу: «Азыр ок атышпоонун туура жооп экенине ишенбейбиз. Учурда ок атышпоонун Хамаска пайда алып келерине ишенебиз», - деди.

Кирби өлкөсүнүн ок атышууну токтотуунун ордуна Газадагы зомбулуктан качууну каалаган жарандарды эвакуациялоо жана аймакка гуманитардык жардам жеткирүүнү жеңилдетүү үчүн «убактылуу гуманитардык тыныгууларды» кубаттаганын белгиледи.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар