Израилдин Газага кол салуулары уланууда

Израилдин Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден тынымсыз кол салуулары 24-күнүндө...

2057664
Израилдин Газага кол салуулары уланууда
israil gazze saldiri.jpg

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 8 миң 306га жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин Газага кол салууларында 3457си балдар жана 2236сы аялдар болгон кеминде 8306 палестиналыктын каза болгонун билдирди.

Министрлик оккупацияланган Батыш Шериада январдан бери каза болгондордун саны 329га жеткенин, алардын 121инин 7-октябрдан бери уланып жаткан кагылышууларда катталганын жарыялады.

Израилдин Газа тилкесине абадан, кургактыктан жана деңизден тынымсыз кол салуулары 24-күнүндө.

Израилдик учактардын Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Зевайде аймагында палестиналык бир үй-бүлөнүн үйүнө кол салуусунан 11 кишинин каза болгондугу жана көп сандаган кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин Газанын түштүгүнө кол салуусунан эки турак жайдын талкаланганы, көп сандаган каза болгон жана жаралангандардын урандылардын астынан чыгарылганы белгиленди.

Израилдин Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагерине кол салууларында 3 кишинин каза болгону, ондогон кишинин жараланганы билдирилди.

Израил армиясы блокададагы Газа тилкесинде аскерлер «жерден операцияларын кеңейтүүнү» улантып жатканын жарыялады.

Армиянын басма сөз катчысы адмирал Даниел Агаринин айтымында, Израиль Газа тилкесинде «акырындык менен жана планга ылайык» жылып жатат.

Басма сөз катчынын билдирүүсүндө, Газа тилкесинде аскердик күчтөр «ондогон согушкерлерди жок кылганы» айтылган.

Ооруканаларды бутага алуудан тартынбаган Израиль армиясы Газадагы Эль-Кудс ооруканасынын жанына ракеталык кол салуу менен Индонезия ооруканасынын айланасын да аткылашты. Израиль армиясы да Аль-Кудс ооруканасын да атабыз деп коркутууда.

Өткөн түнү болгон кол салууларда жарандар жашаган турак жайлардын чоң зыянга учураганы жана каза болгондордун жана жаралангандардын болгону белгиленди.

Израилдин кол салууларында Газада кызмат кылган Түркия-Палестина достук ооруканасы да зыянга учурады.

Газадагы рак оорулуулары үчүн жалгыз оорукананын Түркия-Палестина достук ооруканасы экенин белгилеген оорукананын директору доктор Субхи Секкик оорукананы коргоо үчүн Түркиядан жардам сурады.

Палестинанын Кызыл Жарым Айы да Израилдин Газа тилкесине кол салууларында тез жардам унаасын бутага алганын жана унаанын жараксыз абалга келгенин жарыялады.

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсеси Израилдин кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Газа тилкесине 18 миң тоннадан ашуун жардыруучу зат ташталганын, кол салуулардын чоң кыйроолорго алып келгенин жана миңдеген кишинин каза болгонун жана жарадар болгонун билдирди.

Ошол эле учурда Газадагы Аль-Акса телеканалы Израилдин кол салууларында ак фосфор бомбаларын колдонууну улантканын билдирди.

Израиль армиясы 7-октябрдан бери Газада 200 миңден ашуун турак жайды бутага алды. Израиль тарабынан 80 мамлекеттик имарат, 47 мечит, 3 чиркөө жана 203 мектеп бомбаланды. Кол салуулардын натыйжасында 12 оорукана жана 32 саламаттыкты сактоо борбору иштебей калды.

Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кириши чектелген негизде уланууда. Дагы 24 жүк ташуучу унаа Газага Египетке ачылган Рефах чек ара капкасынан кирди. 7-октябрдан бери Газага келген жардам жүк ташуучу унаалардын саны 118 болду.

Бир тараптан Израиль Хамастын колундагы туткундарынын санын 239га жаңылады.

 



Тектеш кабарлар