Гутерриш: "Климаттык кризисти токтотушубуз керек"
Гутерриш Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахалдын чакыруусу менен Непалдын Гималай аймагына барды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш климаттык кризистин таасиринин күчөп баратканына көңүл буруп, "Бул акылсыздыкты токтотушубуз керек",- деди.
Гутерриш Непалдын премьер-министри Пушпа Камал Дахалдын чакыруусу менен Непалдын Гималай аймагына барды.
Социалдык медиа платформасы X аркылуу билдирүү жасаган Гутерриш, Гималайдагы мөңгүлөрдүн "рекорддук деңгээлде" эрип жатканын белгиледи.
"Температуранын көтөрүлүшүн 1,5 градуска чейин чектешибиз керек. Мөңгүлөр эрип жатат жана кайра кайтып келбейт. БУУнун климаттык планына ылайык илгерилешибиз керек",-деп айтты.
Климаттык кризиске байланыштуу Гутерриш сел жана жер көчкүлөрдүн аймакка олуттуу таасир тийгизгенин кабарлап: "Бул акылсыздыкты токтотушубуз керек",- деди.
Непалдын премьер-министри менен өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда да Гутерриш, Непалга жана климаттык көйгөйлөрдөн жапа чеккен башка өлкөлөргө колдоонун көбөйүшү керектигин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Гриффитс: «Газага жардам берүү Рефахка кол салууну мыйзамдаштыруу дегенди билдирбейт»
Гриффитс Израилдин Рефахка ыктымал кургактык чабуулуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
Гутерриш АКШдагы нааразылык акцияларына токтолду
Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу имаратында басма сөз өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.