Газага кол салуулар түндө да уланды

Израилдин блокададагы Газага кол салуулары 23 - күнү үзгүлтүксүз уланды.

2057266
Газага кол салуулар түндө да уланды

 

Израиль армиясынын түндө Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларынан 130дан ашуун палестиналык каза болуп, ондогону жараланды.

Израилдин блокададагы Газага кол салуулары 23 - күнү үзгүлтүксүз уланды.

Палестинанын WAFA маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Газанын Ан-Нусейрат жана Аль-Миграфе аймактарында жана Бир Наже, Дейр-Балах, Рефах жана Хан Юнус шаарларындагы үйлөргө абадан сокку урулуп, Эш-Шужайя, Аз-Зейтун, Ат -Туффах жана Эд-Дерек кварталдары да жерден артиллериялык аткылоого кабылды.

Шати качкындар лагерине кол салуулардан ондогон палестиналык каза болуп, ондогону жараланды. Каза болгондордун саны тууралуу маалымат берилген жок.

Тель эль-Хава, Туффах жана Шужаййе райондорунда, Эль-Бурейж жана Нусейрат качкындар лагерлеринде, Бир Наже жана Дейр Белахта болгон кол салууларда да каза болгондор жана жаралангандар бар.

Зейтун районунда көптөгөн үйгө кол салуулардан кеминде 30 палестиналык каза болуп, ондогон киши жараланды.

Жабалия качкындар лагеринде жарандар жашаган үйлөргө кол салуулардан кеминде 45 киши каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Хан Юнус жана Рефах шаарларына болгон кол салуулардан кеминде 57 палестиналык каза болду.

Израиль аскерлеринин Батыш Шериадагы ар кайсы шаарларга жасаган чабуулунда үч киши каза болду.

Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары 7-октябрь күнү эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаган.

Израиль армиясы да ондогон согуштук учактары менен Газа тилкесине чабуул баштаган.

Газадан жасалган кол салууларда 310 аскер болгон 1400 израилдиктин каза болгондугу, 5132 израилдиктин жараланганы билдирилди.

Израилдин Газага жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 8 миңге жетип, 20 миңге жакын киши жараланды.



Тектеш кабарлар