Орусия: "АКШнын Жакынкы Чыгышта болушу стабилдүүлүктү алып келбейт"

Мария Захарова, күнүмдүк маалымат жыйынында Анадолу агенттиги өкүлүнүн суроосуна жооп берди.

2056692
Орусия: "АКШнын Жакынкы Чыгышта болушу стабилдүүлүктү алып келбейт"

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, АКШнын Жакынкы Чыгышта болушунун аймакка стабилдүүлүк алып келбей турганын айтты.

Мария Захарова күнүмдүк маалымат жыйынында Анадолу агенттиги өкүлүнүн, Пентагондун Жакынкы Чыгышка THAAD жана Patriot абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу чечимине жооп катары Орусиянын кандай кадамдарды таштай турганы тууралуу суроосуна жооп берди.

Захарова Орусиянын АКШнын Жакынкы Чыгышта болушунун аймакка ырааттуулук алып келерин ойлобой турганын айтты.

Захарова: «Тескерисинче өзүңөр билгендей көптөгөн жылдарга жайылган келишпестиктин чыныгы себептерин көрмөксөнгө салган Вашингтондун Жакынкы Чыгыш процессин монополияга алуу аракети, бүгүнкү күндөгү каргашалуу натыйжаларды жаратты. Аймакка керек болгон нерсе бул ракеталык системаларды АКШнын аймакка жайгаштырышы эмес, Израиль-Палестина тирешүүсүн мүмкүн болушунча тезирээк токтотуусу»,-деди.

Маалымат катчысы Захарова, АКШнын кадамдарынын Жакынкы Чыгыштагы абалды татаалдаштырып, чыңалууну күчөткөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар