Израиль Кристоф Хойсгенди бутага алды

Мюнхен коопсуздук конференциясынын төрагасы жана Германиянын БУУдагы мурдагы элчиси Кристоф Хойсген Жакынкы Чыгышта эки мамлекеттүү чечимге чакырганы үчүн Израиль бийликтеринин сынына кабылды.

2056730
Израиль Кристоф Хойсгенди бутага алды

Мюнхен коопсуздук конференциясынын төрагасы жана Германиянын БУУдагы мурдагы элчиси Кристоф Хойсген Жакынкы Чыгышта эки мамлекеттүү чечимге чакырганы үчүн Израиль бийликтеринин сынына кабылды.

Хойсген шейшемби күнү кечинде немис телекөрсөтүү каналы ZDFнын «Бүгүнкү журнал» программасында Жакынкы Чыгыш кризисине байланыштуу : «Дипломатиялык чечүүчү жол табылышы керек», - деген. Хойсген оболу Хамастын колундагы барымталардын бошотулушу керек экендигин айтып : «Бардык нерсе ушуга жараша болушу керек. Андан кийин эки мамлекеттүү чечимге кайтып келе алабыз. Израиль да буга баш ийүүгө мажбур. Азыркы учурда муну кыялдануу мүмкүн эмес. Бирок бир гана жол ушул»,- деген.

Германиядагы жөөттөрдүн борбордук кеңешинин төрагасы Йозеф Шустер да каршылык көрсөттү.  Шустер учурда Израилди палестиндер менен эки мамлекеттүү чечимди талкуулоого чакырууга эч кандай негиздин жок экендигин айтты.

Израилдин  Германиядагы элчиси Рон Просор да Хойсгендин сөздөрүнө каршылык көрсөттү.

Элчи Просор Израилдин Газа тилкесиндеги ыктымалдуу кургактык чабуулунан баш тартышын да талап кылган Кристоф Хойсгендин «Израилдин өзүн коргоо укугун» четке какканын айтты.



Тектеш кабарлар