D-8 өлкөлөрүнөн чакырык...
D-8дин 47-сессиясынан кийин биргелешкен билдирүү жарыяланды.
Өнүккөн 8 өлкөнүн (D-8 Түркия, Индонезия, Иран, Египет, Пакистан, Малайзия, Нигерия жана Бангладеш) Экономикалык Кызматташтык Уюму, Газа тилкесинде "адамзатка каршы кылмыштарды жана зомбулукту" токтотууну талап кылды.
D-8дин Бангладештин борбор шаары Даккадагы 47-сессиясынан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө, Газа тилкесиндеги адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу тынчсыздануу бар экени жана Израиль армиясынын Палестинада палестин жарандарына «азап» тарттырып жатканы белгиленди.
Газада гуманитардык жардам коридорун ачуу, Газа тилкесинде “адамзатка каршы кылмыштарды жана зомбулук аракеттерин” токтотуу чакырыгы айтылган билдирүүдө: «Бардык мүчө мамлекеттерди Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам берүү агенттиги (UNRWA) сыяктуу маселе менен алектенген эл аралык агенттиктер менен биргеликте гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырабыз» деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.