БУУ: "Израиль Газага гуманитардык жардам жеткирилишине каршы чыгууда"

БУУнун Женева кеңсесинин апталык маалымат жыйынына интернет аркылуу катышкан Хастингс, Газадагы жана Израилдин кол салууларына дуушар болгон аймактагы гуманитардык абал тууралуу маалымат берди.

2056793
БУУ: "Израиль Газага гуманитардык жардам жеткирилишине каршы чыгууда"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестина боюнча гуманитардык иштер координатору Линн Хастингс, Израилдин Газанын түндүгүнө гуманитардык жардам жеткирилишине ачык түрдө каршы экенин айтты.

БУУнун Женева кеңсесинин апталык маалымат жыйынына онлайн катышкан Хастингс, Израилдин кол салууларына дуушар болгон Газадагы жана аймактагы гуманитардык абал тууралуу маалымат берди.

Хастингс: «Израиль (болжол менен 400 миң адам калган) Газанын түндүгүнө гуманитардык жардамдын жеткирилишине ачык түрдө каршы»,-деди.  

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини да өз билдирүүсүндө: «Газандыктар бомбалардан жана кол салуулардан гана өлүшпөйт, жакында Газа тилкесинин блокадасынын кесепеттеринен дагы көптөгөн адамдар өлөт. Блокада көпчүлүгү балдар жана аялдардан турган 2 миллиондон ашык адамды толук жазалоо үчүн колдонулуп жатат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар