Орусияда өзөктүк чабуул боюнча машыгуу

Машыгууда "Ярс" континенттер аралык баллистикалык жана "Синева" баллистикалык ракеталарынын колдонулганы маалымдалды.

2056031
Орусияда өзөктүк чабуул боюнча машыгуу

Орусияда кургактык, аба жана деңиз элементтери менен жооп кайтаруу максатындагы өзөктүк чабуул машыгуусу өткөрүлдү.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин билдирүүсүндө, президент Владимир Путиндин видео конференция аркылуу байкоо салган машыгууда кургактык, деңиз жана аба элементтерине таандык ядролук жайгаруучу куралдардын колдонулганы белгиленди.

Машыгуу учурунда баллистикалык жана канаттуу ракеталардын учурулганына көңүл бурулган билдирүүдө, учуруулардын Орусиянын Улуттук Коргонуу Башкаруу Борборунун көзөмөлүндө болгону кабарланды.

Машыгууда "Ярс" континенттер аралык баллистикалык жана "Синева" баллистикалык ракеталарынын колдонулганы маалымдалды.

Орусиянын мамлекеттик телеканалы да көрсөткөн машыгууда Путинге отчет бергени байкалган коргоо министри Сергей Шойгу: «Машыгуу, душмандын өзөктүк кол салуусуна жооп кайтаруу максатында ири өзөктүк чабуул миссияларын ишке ашырууну камтыйт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар