Газа тилкесине дагы 12 фура кирди
"Рефах" чек ара капкасынын басма сөз катчысы Ваил Абу Мухсин, Газага кирген 12 фуранын «суу, тамак-аш жана дары-дармек ташыганын» айтты.
2056356
![Газа тилкесине дагы 12 фура кирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4661/8ca3/4bd1/653a5c646e15a.jpg?time=1718853978)
Израилдин бомбалоосуна кабылган Газа тилкесине гумжардам ташыган дагы 12 фуранын "Рефах" чек ара капкасынан киргени билдирилди.
"Рефах" чек ара капкасынын басма сөз катчысы Ваил Абу Мухсин, Газага кирген 12 фуранын «суу, тамак-аш жана дары-дармек ташыганын» айтты.
Мухсин акыркы жардам кербени менен бирге Израилдин Газага кол салуулары башталган 7-октябрдан бери Газа тилкесине кирген жүк ташуучу унаалардын санынын 74ке жеткенин белгиледи.
Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.
Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын билдирген.
Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.