Нидерландияда адвокаттар чакыруу салды

Нидерландияда  235 адвокат Нидерландия өкмөтүнө Израилдин мыйзамсыз оккупациясынын токтотулушу, Палестинадагы согуштук кылмыш жана адам укуктарынун бузулушун териштирүү үчүн аракетке өтүүгө чакырды.

2055758
Нидерландияда адвокаттар чакыруу салды

Нидерландияда  235 адвокат Нидерландия өкмөтүнө Израилдин мыйзамсыз оккупациясынын токтотулушу, Палестинадагы согуштук кылмыш жана адам укуктарынун бузулушун териштирүү үчүн аракетке өтүүгө чакырды. 

Нидерландиянын түрдүү шаарларынан келген 235 адвокат жана юридикалык фирмалар биргелешип кол койгон декларацияда Нидерландия өкмөтүнөн Израилдин согуш кылмыштарын жана адам укуктарын бузууну токтотуу үчүн чара көрүүсү талап кылынды.

Билдирүүдө  : "Мыйзамдын борбору Гаага жайгашкан Нидерландияда  өкмөттүн дүйнөгө жол башчы жана бийик үн менен  ок атышпоо жарыялоонун ордуна  четте калууну тандады",- деп айтылды. 

Билдирүүдө  Газанын түндүгү этникалык тазалоого дуушар болгондугу жана Палестина калкынын жамааттык түрдө жазаланганы белгиленип, өкмөт  активдүү роль ойнобогону үчүн сынга алынды.

Билдирүүдө голландиялык саясатчылардын Россиянын Украинага басып киришине катуу каршылык көрсөтүп, Израилдин Палестинага карата иш-аракеттерине башкача мамиле кылганы белгиленген билдирүүдө : "Израиль - Палестина окуясында  кош стандарттардын колдонулуп жатканына көз жума албайбыз»,-деп айтылды. 

Голландия Конституциясынын 90 - беренесине ылайык, өкмөттүн эл аралык укук тартибин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экендиги белгиленген билдирүүдө : "Мамлекеттик жетекчилерибиз Палестина жерлеринин Израилдин мыйзамсыз оккупациялоосун мүмкүн болушунча тез арада токтотуу үчүн бардык күч - аракетин жумшоосу керек. Өзгөчө  Израилдин согуш кылмыштарын жана адам укуктарын бузууларын ачык-айкын түрдө айыптоосу керек",- деген баа берилди. 

 



Тектеш кабарлар