Ливияда  Өкүлдөр палатасынан "Өлкөдөн чыгып кеткиле" деген чакыруу жасалды

Ливиянын чыгышындагы Тобрук шаарында Өкүлдөр палатасы Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларын колдогон өлкөлөрдүн элчилерин өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

2055888

Өкүлдөр палатасы  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Америка Кошмо Штаттары, Британия, Франция жана Италия өкмөттөрүнүн Израилдин Газа тилкесиндеги кол салууларына колдоо көрсөтүүсүн  катуу түрдө айыпталгандыгы белгиленди.

Газага карата кол салуулардын АКШ жана батыштын когоосуз жана блокада астындагы элге каршы жүргүзгөн массалык геноцид согушу" катары мүнөздөлгөн билдирүүдө : Ливия парламенти Израилдин газа тилкесинде жасаган кылмыштарга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн элчилерин дароо Ливиядан чыгып кетишин каалайт",- деп айтылды. 

Өкүлдөр парламентинин басма сөз катчысы Абдуллах Булейхык да социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап : "Ливия өкмөтүнөн сионист душман Израиль  кыргынды токтопосо бул өлкөнү колдогон өлкөлөргө газ жана мунай экспортун токтотууну суранабыз",- деди. 

Тектеш кабарлар