Хизбулланын лидери Хамас жана Ислам Жихадынын өкүлдөрү менен жолугушту
Үч тараптуу жолугушууда Газадагы акыркы абалдар, өзгөчө Хамастын Израилге карай баштаган «Акса топону» кол салуусу жана Ливан-Израиль чек арасындагы кагылышуулардын сүйлөшүлгөнү белгиленди.
Хизбулланын баш катчысы Хасан Насралла 7-октябрдан бери биринчи жолу Хамас жана Ислам Жихадынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушту.
8-октябрдан бери Израиль армиясы менен согушуп жаткан Ливандагы "Хизбулланын" баш катчысы Насралла Палестинанын Ислам жихады кыймылынын баш катчысы Зияд ан-Наххали жана Хамастын саясий бюросунун жетекчисинин орун басары Салих ал-Арури менен жолугушту.
Хизбулланын расмий Telegram баракчасынан жасалган билдирүүдө, үч тараптуу жолугушууда Газадагы акыркы абалдар, өзгөчө Хамастын Израилге карай баштаган «Акса топону» кол салуусу жана Ливан-Израиль чек арасындагы кагылышуулардын сүйлөшүлгөнү кабарланды.
Билдирүүдө «Израилдин Газа жана Палестинага ырайымсыз кол салуусунун токтотулушу үчүн бул орчундуу процессте чыныгы жеңишке жетүү үчүн каршылык фронтунун эмне кылышы керектиги бааланды»,-деп айтылды.
Билдирүүдө ошондой эле жолугушууда күн сайын болуп жаткан окуяларды байкоого жана тынымсыз координацияны сактоого басым жасалганы белгиленди.
Хамастын куралдуу канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда эртең менен Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаган.
Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.
Израиль-Ливан чек арасында Израиль армиясы менен Хизбулланын ортосундагы кагылышуу 8-октябрдан бери уланууда.