Гутерриш: "Палестина эли 56 жылдан бери оккупацияда"

Антонио Гутерриш Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн Израиль-Палестина сессиясында сөз сүйлөдү.

2055430
Гутерриш: "Палестина эли 56 жылдан бери оккупацияда"

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Палестина элинин 56 жылдан бери кысымдуу баскынчылыкка дуушар болуп келе жатканын айтты.

Антонио Гутерриш Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн Израиль-Палестина сессиясында сөз сүйлөдү.

Башкы катчы 7-октябрда Хамастын Израилде жасаган кол салууларын айыптаганын белгилеп, сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Бирок Хамастын чабуулдарынын жөн жерден болбогонун да билишибиз керек. Палестина эли 56 жылдан бери кысымдуу баскынчылыкка дуушар болуп келе жатат. Өз жерлеринин этап-этабы менен басып алынышына жана зордук-зомбулуктарга күбө болууда. Экономикасы кулап, адамдар жеринен ажыраган жана үй-жайлары талкаланган абалда. Алардын саясий чечимге болгон ишеними жоголо баштады»,-деди.



Тектеш кабарлар