Лавров: "Азербайжан менен Армениянын ортосундагы маселенин чоң бөлүгү чечилди"

Лавров Ирандын борбор шаары Тегеранда 3+3 форматындагы «Түштүк Кавказда туруктуу тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүүсү үчүн аймактык кызматташтык платформасы» жыйынынан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

2054993
Лавров: "Азербайжан менен Армениянын ортосундагы маселенин чоң бөлүгү чечилди"

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалдын негизинен чечилгенин билдирди.

Лавров Ирандын борбор шаары Тегеранда 3+3 форматындагы «Түштүк Кавказда туруктуу тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүүсү үчүн аймактык кызматташтык платформасы» жыйынынан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

Баку дагы, Ереван дагы Карабахтын Азербайжанга таандык экенине макул болгонун белгилеген Лавров: «Чечилбеген негизги маселе ушул болчу, чыр-чатактын чоң бөлүгү чечилди»,-деди.

Лавров, калганынын болсо карым-катнаштарды толук нормалдаштыруу үчүн практикалык кадамдар, тынчтык келишимин даярдоо, чек араларды чийүү жана эч кандай тоскоолдуксуз транспорт байланыштарын камсыз кылуу экенин айтты.

Брюссель жана Вашингтондун Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек аранын чийилиши процессине таасир этүүгө аракет кылганын белгилеген Лавров армяндардын да, азербайжандыктардын да пайдалуу боло турган кандайдыр бир сүйлөшүүгө каршы эместиктерин билдирди.

Лавров ошондой эле Азербайжан менен Армениянын чек араларды аныктоо боюнча комиссия түзгөнүн, ага орус тараптын кеңешчи катары катыша турганын эске салды.



Тектеш кабарлар