Израилдиктер Нетаньяхунун кызматтан кетишин каалашат

Израилдин Yedioth Ahronoth гезити өлкөдө 18 жаштан жогорку 1442 адам катышкан сурамжылоонун жыйынтыгын бөлүштү.

2054737
Израилдиктер Нетаньяхунун кызматтан кетишин каалашат

Израилде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, сурамжылоого катышкандардын 66 пайызы премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун 7-октябрдагы катачылыктары үчүн согуштан кийин кызматтан кетишин каалашат.

Израилдин Yedioth Ahronoth гезити өлкөдө 18 жаштан жогорку 1442 адам катышкан сурамжылоонун жыйынтыгын бөлүштү.

Сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы премьер-министр Нетаньяхунун Хамастын аскерий канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда баштаган «Аль-Акса топон суу» чабуулдарынан Израилдеги коопсуздук боштугуна жооптуу деп эсептешет.

Сурамжылоого катышкандардын 66 пайызы Нетаньяхунун согуштан кийин кызматтан кетишин кааласа, 64 пайызы согуштан кийин Израиль парламентинин таркатылышын жана жалпы шайлоонун өткөрүлүшүн каалашат.

Мурдагы шайлоодо Нетаньяхунун Ликуд партиясына добуш бердик дегендердин 45 пайызы шайлоонун согуштан кийин дароо өткөрүлүшүн каалашат.

Yedioth Ahronoth гезити бүгүн жарык көргөн кабарында блокададагы Газа тилкесиндеги учурдагы окуяларга байланыштуу Нетаньяху менен Израиль армиясынын ортосунда ишеним кризиси болгонун жазды.

Haaretz гезитинде кечээ жарыяланган кабарда Нетаньяхунун 7-октябрдагы кол салууларды алдын ала билбегендиктен качууга аракет кылганы жана бул жоопкерчиликти Израиль армиясына жүктөөгө аракет кылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар