Газага экинчи жардам кербени кирди

Рефах чек ара дарбазасынын басма сөз катчысы Ваил Абу Мухсин билдирүүсүндө, Египеттин Газага азык-түлүк, дары-дармек жана суу ташыган 14 жүк ташуучу унаанын кириши үчүн Рефах чек ара капкасын ачканын айтты.

2054369
Газага экинчи жардам кербени кирди

Израилдин блокадасында турган Газа тилкесине экинчи жардам кербени Рефах чек ара капкасынан кирди.

Рефах чек ара дарбазасынын басма сөз катчысы Ваил Абу Мухсин билдирүүсүндө, Египеттин Газага азык-түлүк, дары-дармек жана суу ташыган 14 жүк ташуучу унаанын кириши үчүн Рефах чек ара капкасын ачканын айтты.

Абу Мухсин жүк ташуучу унаалардын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам жана иштер агенттигине (UNRWA) жеткирилип, андан соң палестиналыктарга таратыларын белгиледи.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын гуманитардык маселелер жана чукул жардам боюнча координаторунун орун басары Мартин Гриффитс Х социалдык медиа эсебинен өз баасын берген билдирүүсүндө, Газага кирген 14 жүк ташуучу унааны «гуманитардык жардамга өтө муктаж миллиондогон адамдар үчүн дагы бир кичинекей үмүт шооласы» деп баалады.

Жалпысынан 20 жүк ташуучу унаадан турган биринчи жардам кербени 21-октябрда Газага кирди.



Тектеш кабарлар