Газада ара төрөлгөн ымыркайлар өлүм коркунучу алдында турат

Газада Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам аймактык ооруканалардагы генераторлорду иштетүүдө кыйынчылыктар болгону белгиленди.

2054142
Газада ара төрөлгөн ымыркайлар өлүм коркунучу алдында турат

Израилдин катуу кол салуусу жана блокадасына кабылган Газа тилкесине күйүүчү майдын киришине уруксат бербөөсү аймактык ооруканалардагы 130 ара төрөлгөн ымыркайдын өлүм коркунучу алдында калтырды.

Газада Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам аймактык ооруканалардагы генераторлорду иштетүүдө кыйынчылыктар болгону белгиленди.

Билдирүүдө, «Газа тилкесиндеги ара төрөлгөн 130 ымыркай Израилдин басып алуучуларынын оорукана генераторлорун иштетүү үчүн керек болгон күйүүчү майдын жеткирилишине тоскоол болуусунан улам өлүм коркунучунда турат»,- деп айтылды.

Израил армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адрае өз билдирүүсүндө Газага күйүүчү майдын киришине уруксат берилбей турганын жарыялады.

Бир тараптан саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа булар газалык ымыркайлар үчүн энергия, таза суу жана тамак-аштын жетишсиздигинен каза боло турган акыркы сааттар экенине көңүл буруп: «Түркия катары биз бардык жардамга даярбыз»,-деди.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да энергия, таза суу жана тамак-аштын жетишсиздиги менен күрөшкөн газалык ымыркайлардын абалына көңүлдөрдү буруп: «Биз Газалыктардын жанындабыз жана эл аралык коомчулукту биригүүгө чакырабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар