Газадагы кагылышууларда 16 журналист каза болду

Өлтүрүлгөн журналисттердин саны  Эл аралык журналисттер федерациясынын интернет сайтынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүү менен жаңыланды.

2053962
Газадагы  кагылышууларда  16 журналист каза болду

Эл аралык журналисттер федерациясы (IFJ) 7 - октябрдан бери Израиль - Палестина кагылышуусу башталгандан бери Газада 16 журналисттин каза болгондугун жарыялады.

Өлтүрүлгөн журналисттердин саны  Эл аралык журналисттер федерациясынын интернет сайтынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүү менен жаңыланды.

Билдирүүдө, уланып жаткан кагылышууларда ушул кезге чейин 16 журналисттин өлтүрүлгөндүгү, көп сандаган журналисттин жаралангандыгы жана дайынсыз жок болгондугу билдирилди. Ошондой эле бир журналист менен бир фото журналисттен да кабар алына албагандыгы маалымдалды. 

Эл аралык журналисттер федерациясы аянтта өз милдетин каткарган журналисттерге "керек болгон чараларды көрүү, коопсуздук каражаттарын колдонуу жана кагылышкан медиа мекемелери бул каражаттар менен камсыз кылмайынча  талаага чыкпоого» чакырды. 

Мындан мурда берилген маалыматтарда Израилдин кол салууларында 13 журналисттин  каза болгондугу белгиленген.


 

 

 



Тектеш кабарлар