Байден : "Кол салуулар Израиль менен Сауд Арабиянын карым - катнаштарын бузуу үчүн жасалды"
Байден катышкан жардам жыйынында Израиль - Палестина кагылышуусуна баа берди.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Хамастын чабуулдары Израиль менен Сауд Арабиянын мамилесин бузуу үчүн жасалганын билдирди.
Байден катышкан жардам жыйынында Израиль - Палестина кагылышуусуна баа берип : "Саудиялыктар менен столго отурарымды билишкен. Саудиялыктар Израилди тааныгысы келип жаткан",- деген Байден Хамастын Израилге кол салышынын себептеринин бири - бул Израиль менен Сауд Аравиянын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу процессин бузуу экендигин белгиледи.
Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман 20 - октябрда Израилдин блокададагы Газа тилкесине жасаган чабуулдарын токтотуу керектигин белгилеп : "Бүгүн Газада күчөгөн зордук - зомбулуктун баасын күнөөсүз жарандардын төлөп жатканын көрүп капа болдук",- деди.